ЖК депутаты айылга келди

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

Айылга ЖК депутаты келди (сүрөт-баян)

Жайыл районунун Кара-Суу айылына КР ЖК депутаты Субанбеков Бакирдин Жамалович келди. Айылдын тургундары менен жолукту. Элдин жашоо-турмушу менен таанышып, көйгөй жараткан суроолорго жооп берип, маселелерди чечкенге жардам бере тургандыгын айтты.
Жолугушуу Кара-Суу орто мектебинде өттү
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы менен
Айыл депутаты Алиев Максат мектептин спортзалы тууралуу суроо менен ЖК депутатына кайрылды
«Ботокөз булак» бакчасында
Мектептин спортзалында
«Ак кептер» жамааттык медиаборборунда
Депутатка айыл аксакалы Дүйшөнкулов Конусбек суроо берүүдө
Айыл тургундары ЖК депутаты Субанбеков Бакирдинди иштерине ийгилик каалап, узатышты

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

Айыл жолу асфальттанды

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

«Ак кептердин» волонтерлору

Жайыл районунун Кара-Суу айылында «Ак кептер» жамааттык мультимедиаборбор 2013-жылдан бери иштеп жатат. Бул борбордо бир топ волонтерлор иштеп, журналистиканын негиздери боюнча билим алышты. Алардын көпчүлүгү азыркы убакта жогорку окуу жайларында окуп жатышат, үй-бүлөлүү, бала-чакалуу. Алардын бири — Кара-Суу айылынын кызы — Азаркулова Эркеайым.

http://

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

Кара-Суу айыл аймагында түшүм жыйноо аяктоодо

Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо аяктоодо. Кара-Суу айылынын тургундары акыркы арпа жана буудай аянттарын чаптырышууда.

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы 23.07.2019-жыл

Шекер берген кант кызылчасы

Даярдаган: Данияр кызы Назик, Данияр кызы Элиза

Шекер берген кант кызылчасы.

Даярдаган: Данияр кызы Назик, Данияр кызы Элиза

Катталбаган нике көйгөйлөрү

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

Дан эгиндерин жыйноо

Мекенибизде арпа,буудай чаптыруу башталды. Жайыл районунун Кара-Суу айылында комбайндар жок болгондуктан, арпа, буудай али чабылып бүтө элек. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси жер боюнча адиси Жаныбек Кулючбековдун айтуусу боюнча: “Кара-Суу айыл аймагында эки жарым миң гектар дан эгиндери себилген. Алардын 2200гектары арпа. Ал эми 300 гектары буудай.Кара-Суу айылында арпа чаптырып алгандар: Чакчагаев Турсунбек,Ибраимов Замир жана дагы 3,4 тургун чаптырышты. Алардын айтуусу боюнча ар бир гектардан 2,5-3 тоннадан түшүм алышыптыр. “Түшүм жакшы болду”,- деп дыйкандар кубанып жатышат.
Даярдагандар: Мамбетова Элина, Мамбеталиева Нурпери, Акматова Айша. 17.07.2019-жыл.