Калктын аярлуу катмарларына жардам

Корановирустун күчөп кетишине байланыштуу мекенибизде көп жерлерде карантин болуп, жарандардын кыймыл-аракети чектелип турган учур. Ушул абалга байланыштуу Чүй облусунун Кара-Суу Айыл аймагынын тургундарынын аярлуу катмарларына ар кандай жардамдар берилип жатат. Жардамды ЖК депутаттары, Кайрымдуулук фонддор жана ошондой эле жергиликтүү, колунда бар, тургундар берип жатышат. Мына ошо тууралуу биздин кыскача аудиобаянды угуп койсоңуздар.

      Gumlardam

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

Тургундар ун менен камсыз болду

Корановирустан алдын алуу иштери республиканын бардык аймактарында жүрүп жатат. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында да бул илдеттин алдын алуу иштери жүрүп, Айыл өкмөттүн кызматкерлери 31- мартта айылдын көчөлөрүн дезинфекциялантышты.

Ал эми 1-апрелде Кара-Суу айылынын тургундарын 1525 сомдук ун менен камсыз кылышты. Жана айылдын аярлуу, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрүнө 16 мүшөк ун алып келип беришти. Бул жардам Райым Матраимовдун атынан келгенин Айыл өкмөтүнүн кызмакерлери айтышты. Айылда айыл-чарба техникалары эле жазгы жумуштар менен алек болуп иштеп жатат, ары-бери жүргөндөр дээрлик азайды. Айылдан шаарга барып иштегендер эле көйгөй болуп жатат.

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

Айылдыктардын илдетке каршы иш чаралары

Дүйнөлүк коронавирус инфекциясынын “пандемия” деп жарыяланышына байланыштуу Кыргыз республикасында “Өзгөчө кырдаал” жарыяланып, андан кийин, 25-мартта, Президенттин буйругу менен Бишкекте, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда “Өзгөчө абал” киргизилди. Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Суу айыл аймагында да бул илдеттин тарап кетүүсүн алдын алып, Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан бир топ иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Кара-Суу айыл аймагына кире бериш жерине кайтарылуучу пост коюлду, тургундарга кайрылуу жасалды жана айылдын тургундарын ун менен камсыз кылуунун үстүндө иштеп, бир мүшөк унду 1525 сомдон алынып келингени жатат.Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзүнчө жардам берилгени жатат. Кара-Суу айылында жайгашкан “Ак кептер” жамааттык медиаборбор аркылуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясынын, Кара-Суу орто мектебинин директорунун жана Кара-Суу айыл башчысынын тургундарга, окуучуларга кайрылуусун күнүнө эки жолу радиорупор аркылуу берип жатат.

      190804_002 - My Recording
Жана ошондой эле Президенттин, Премьер-министрдин элге кайрылуулары да берилүүдө. Айылда тургундардын көчөдө басуусу кескин токтоду. Ары-бери баскандар аз. Айыл ичинде жазгы талаа иштери менен алектенкен дыйкандардын техникалары эле иштеп жатат. Кээ бир айыл тургундары үйдө отуруп алышып, бет каптарды тиккенди үйрөнүп жатышат.

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

Айыл өкмөтүнүн сарэсеби

Жайыл районунун айыл аймактарында айыл өкмөттөрүнүн сарэсеби өткөрүлүп жатат. 24-февралда Жайыл районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн сарэсеби өттү. Бул сарэсепке Кара-Суу, Ставрополовка айылынын тургундары, райондун акими Турусбек Ногоев, райондун жетекчилери жана Кара-Суу айыл өкмөтунүн кызматкерлери катышышты. Сарэсепти Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Дженбаева Насипа берди. Сарэсепте айыл аймагынын 2019-жылкы аткарылган иштери, жетишкендиктери жана көйгөйлөр тууралуу айтылды. 2019-жылкы айыл өкмөтүнүн жетишкендиктери- бул эки айылга ФАП имаратын куруу, Кара-Суу айылынын борбордук жолун асфальттоо жана ошондой эле Ставропол айылында жеке инвесторлордун кампаларды, туругундар үчүн жатакананы, айыл тургундары үчун кырманды куруусу жөнүндө айтылды. Айыл аймагынын негизги көйгөйлорүнүн бири бул сугат түйүндөрү экени айтылып, сугат системасын оңдоо үчүн көп каражат керектиги айтылды. Сарэсеп берилип бүткөндөн кийин айыл тургундары райондун акимине, жетекчилерине суроолорун узатышты. Айылдыктардын эң биринчи көйгөйү — бул үй куруу үчун жер тилкесин бөлүп берүү экендиги билинди. Көпчүлүк “качан жерди трансформация кылат, качан үй салганга жер тилкеси берилет” деп суроо беришти. Райондун акими бул суроо боюнча иш жүрүп жаткандыгын айтты. «Буйруса бул көйгөй да жакында чечилип калат»,- деди.
Даярдаган: Мамбетова Элина

Грипп жана коронавирус туралуу фельдшер менен болгон маек

Кыш айларында грипп менен оору күчөйт. Бул оорунун синптомдору жана профилактикасы кандай болот? Мына ушул туралуу жана жаңы пайда болгон коронавирус оорусу туралуу айылдык фельдшер менен болгон маекти угуучуларга тартуулайбыз.

      Грипп&кор

Кыш мезгилинде элеттеги аялдардын жашоо турмушу (аудиобаян)

Бул аудиобаянда сиздер Кара-Суу айылынын аялдары кышты кантип өткөрө тургандыгы менен таанышасыздар…

      Кыш.Аялдар

Тамара апанын үй-бүлөөсү

Биз сиздерге Кара-Суу айлынын үй-бүлөлүк жашоосу туралуу айтып берели деп чечтик. Айлыбыздын тургуну Абулдаева Тамара апабыздын үй-бүлөсү туралуу баяндап беребиз.Чоң апа өзүнүн үй-бүлөсү туралуу мындай кеп айтып берди:
“Мен Абылдаева Тамара Аманбекова 1952-жылы 13-августа Фрунзе шаарында төрөлгөм. Биздин үй-бүлөдө жети бир тууган 3 уул, 4 кыз баарыбыз бактылуу үй-бүлөдө жашачуубуз. Менин окуган кесибим “дошкольный факультетти” орусча окуп бүтүргөм. 16 жашымда азыркы убакта жашап жаткан Кара-Суу айылына келин болуп келгем. Беш баланын энесимин 4 уулум жана 1 кызым бар . Кудайга шүгүр балдарымды жакшы тарбиялап, өстүрдүм. Азыр алар өздөрүнчө үй-бүлө куруп кетишкен. Кудайдын кулагы сүйүнсүн 4 келиним ,13 неберем, 2 чөбөрөм бар. Балдарымдын ар биринин өз үйлөрү бар, бала-чакасы менен бактылуу үй- бүлөдө жашап жатышат. Өздөрүнүн жумуштары, иштери менен алек. Мен неберем менен жашайм . Эң кичүү баламдын улуу кызы. Биздин оокатыбыз башка. Неберемди 2 ай кезинде багып, өстүрүп чоңойтуп отурам. Азыркы убакта 10-класстын окуучусу. Кара –Суу айылында окуйт. Үйдөгү жумуштарды ушул неберем экөөбүз бүтүрөбүз. Балдарыма, неберелериме жакшы акыл наасаттарымды айтам, балдарым бири-бирңер менен биримдикте, ынтымакта, тынчтыкта урушпай- талашпай, аман-эсен жашагыла деп. Кудайга миң мертебе ыраазымын, баары ынтымакта жашашат. Кара-Суу айылында адамдары жакшы. Ажырашып, урушуп балдарын таштап кеткен эч ким жок . Эң башкысы үй-бүлөдө бирин-бири түшүнүп, жакшы мамиледе жашашса, бардык үй-бүлөдө жамандык болбойт”.
Сиздер Кара-Суу айлынын тургуну Тамара апанын өз үй-бүлөөсү жөнүндө айтып берген маегин уктунуздар.
Даярдаган: Данияр кызы Элиза.

63 жыл бирге

Биз Кара-Суу айылынын үй-бүлөлүк жашоосу туралуу айтып берели деп чечтик. Сиздерге айылыбыздын тургуну Канысбек атабыздын үй-бүлөсү туралуу баяндап беребиз. Чоң ата өзүнүн үй-бүлөөсү туралуу мындай кеп айтып берди: “Мен 10 баланын атасы элем, тилеке каршы 2 балам каза болуп калган. Бирок кудайга шүгүр неберелерим, чөбөрөлөрүм бар. Үй-бүлөм ынтымактуу жана биримдиктүү. Бардык балдарым апалап, аталап сыйлап турат”. Канысбек ата балдарына жол көрсөтүп, максатын айтып тураарын тастыктаган. Ал эми анын жубайы Кишимжан апабыздын айтканы: “ Биз бактылуубуз, жашообуз жакшы, баары ойдогудай. Балдарым мени сыйлап урматтап турат. Мен үйдөн неберелерим менен эле алекмин. Үйдөн көп деле жумуш кылбайм. Үй-бүлөм менен бактылуумун, жакшы жашайм. Буйруса биздин балдарыбыз бизди ушунча жыл жашаганыбызды белгилеп, алтын той берели деп жатышат. Айылдагы башка үй-бүлөлөр туралуу айтсам: жетишпеген жактары бар, Бирок аялын, күйөөсүн жана бала-бакырасын жамандагандарын уга элекмин. Айылдагы үй-бүлөлөр ынтымактуу эле жашашат деп ойлойм. Менин оюмча жакшы эле болуш керек”. Сиздер айылыбызда 63-жылдан бери үй-бүлөлүк турмушта бирге жашап келген үй-бүлө туралуу маек уктуңуздар.
Даярдаган: Данияр кызы Назик.

Көкбөрү (улак тартуу) — аудиобаян

Азыркы убакта мекенибиздин ар бир айылында Көкбөрү-(улак тартуу) оюнусуз тойлор (кандай кана болбосун) өткөрүлбөй калды. Бул оюндун пайдалуу жана терс жактары тууралуу кээ бир айыл тургундарынын оюн угуп, эмне үчүн мынча бул оюн айыл аймагында өтө көп ойноло тургандыгы тууралуу ойлонолу.

      Көкбөрү

Даярдаган: Данияр кызы Назик

25-ноябрь — аялдарга карата болгон зомбулукту жоюу үчүн күрөшүү күнү

25-ноябрда бүткүл дүйнөдө аялдарга каршы болгон зомбулукту жоюу үчүн күрөшүү күнү белгиленип жатат. Жайыл районунун Кара-Суу айылында да бул күн белгиленди. Айылдагы «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун волонтерлору жана мугалимдери бул күн тууралуу айылдын тургундарына жана мектеп окуучуларына айтып беришти. Бул күнгө карата атайын даярдалган кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлдү. Бул иш чарага айыл тургуну, мугалим Кубанычбекова Асем активдүү катышып, дүйнөдөгү аялдарга карата болгон зомбулуктардын түрлөрү тууралуу айтып берди. Ошондой эле «Ала качуу», «Кыздар сак болгула», «Үй бүлөлүк зомбулук» аттуу баракчалар жогорку класстын класс жетекчилерине, окуучуларга, айыл тургундарына таратылды. Кулактандыруу айтылып, бул акция 16 күн катары жүрө тургандыгы жана айылдын кыз-келиндери менен аялдарга карата зомбулук тууралуу иш-чара өтүлө тургандыгы жарыяланды.

Даярдаган: Данияр кызы Элиза, Данияр кызы Назик.