Дүйнөлүк коронавирус инфекциясынын “пандемия” деп жарыяланышына байланыштуу Кыргыз республикасында “Өзгөчө кырдаал” жарыяланып, андан кийин, 25-мартта, Президенттин буйругу менен Бишкекте, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда “Өзгөчө абал” киргизилди. Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Суу айыл аймагында да бул илдеттин тарап кетүүсүн алдын алып, Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан бир топ иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Кара-Суу айыл аймагына кире бериш жерине кайтарылуучу пост коюлду, тургундарга кайрылуу жасалды жана айылдын тургундарын ун менен камсыз кылуунун үстүндө иштеп, бир мүшөк унду 1525 сомдон алынып келингени жатат.Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзүнчө жардам берилгени жатат. Кара-Суу айылында жайгашкан “Ак кептер” жамааттык медиаборбор аркылуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясынын, Кара-Суу орто мектебинин директорунун жана Кара-Суу айыл башчысынын тургундарга, окуучуларга кайрылуусун күнүнө эки жолу радиорупор аркылуу берип жатат.


Даярдаган: Чакчагаев Султаналы