АРИС менен кызматташуу

Өлкөбүздүн ар бир Айыл өкмөтүндө АРИС менен иштөө дайыма жүрүп турат. 12.11.2019-жылы Жайыл районунун Кара-Суу айылында АРИС тин эксперти Кулубаев Болот менен жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушууга Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насип, өкмөттүн кызматкерлери, айыл тургундары катышышты.
Эксперт Кулубаев Болот тургундардан айылда кандай көйгөй бар экендигин сурап, АРИС менен бирге кандай долбоорлорду ишке ашырса боло тургандыгы тууралуу айтып берди. Айыл тургундары менен бирге айылдагы приоритеттүү көйгөйлөрдү аныкташып, алардын кайсынысына долбоор жазып ишке ашырса боло тургандыгына добуш беришти.
Айылдыктардын эң негизги көйгөйлөрү болуп:
1. Айылга бала бакча куруу
2. Сугат системасын ремонттон өткөрүү
3. Жолдорду оңдоо
4. Мончо куруу
5. Кудуктарды оңдоо
көйгөйлөрү дешип, чогулушка келгендер табышты.
Бул көйгөйлөрдүн үстүндө АРИС менен иш алып бара тургандыктарын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насип чогулушка билдирди.

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

Кара-Суу айылында жүгөрүнүн түшүмүн жыйноо башталды (сүрөт-видеобаян)

Жайыл районунун Кара-Суу айылында жүгөрүнүн түшүмүн жыйноо башталды. Айылдын дыйкандары кубаттуу комбайндарды жалдашып, түшүм жыйнай башташты.
Тургундар жүгөрүнүн түшүмүн жыйноого кубаттуу комбайндарды жалдаштыКара-Суу айылына эки комбайн келдиКомбайндар Акматов Мураттын жүгөрү аянтын чабуудаАлты гектар аянтты бир заматта чаап коюштуАр бир гектар жерди 6500 сомдон чабышты

Акматов Искендердин айтуусу боюнча, ал алты гектар жерден отуз тоннадан ашык жүгөрү алганын айтты. Дыйкандар: Акматов Мурат, Жамгырчиев Ашырбек, Чакчагаев Чынгыздын айтуулары боюнча «бул комбайндар абдан жакшы экен, чаап, жүгөрүсүн да чыгарып берет экен».

Даярдаган: Данияр кызы Элиза

Кара-Суу айылында иштеген мугалимдер (аудиобаян)

Жайыл районунун Кара-Суу айылы борбордон чет жакта жайгашкан. Айылдан Казакстандын чек арасына 20 км. Айылдын мектебинде райондун ар кайсы айылдарынан, облустардан келген мугалимдер эмгектенип кетишиптир. Ошол тууралуу аудиомаекти угуп коюңуздар.

      Mug.kunu-2019

Даярдаган: Данияр кызы Назик

Тил күнүнүн 30 жылдыгы белгиленди

23.09.2013-жылы Кыргыз Республикасында тил майрамы белгиленди. Быйыл тил күнүнүн 30 жылдыгы майрамдалды. 23-сентябрда Кара-Суу орто мектебинде да “Кыргыз тили” күнү белгиленди.
Бул күнү мугалимдер менен окуучулар тил тууралуу акын, жазуучуларыбыздын айткандарын мурас кылып кийинки муундарга өткөрүп, тилибизди сактасак дилибизди, улутубузду, элибизди сактайбыз, деп баса белгилешти.

Даярдаган: Данияр кызы Элиза

Кара-Балтадагы социалдык долбоор (аудиобаян)

18-сентябрда Кара-Балта шаарында «Таза тери күнү» аттуу социалдык проект болуп өтту. Бул долбоордун кандай өткөндүгү тууралуу аудиобаянга көңүл буруп коюңуздар:

      Proekt SANTO

Даярдаган: Данияр кызы Назик, Данияр кызы Элиза, Бексултанова Айгерим

«Таза тери күнү» аттуу социалдык долбоор Кара-Балта шаарында

18.09.2019-жылы “Таза тери күнү” деген социалдык долбоор Кара-Балта шаарындагы “Лавка жизни” деген аптекалардын биринде өттү. Бул иш чара SANTO компаниясы тарабынан уюштурулуп, “Лавка жизни” аптекалары менен бирдикте өткөрүлдү. Бул долбоор учурунда компаниянын дерматолог-врачтары катышуучуларды тери оорусунун белгилерин кантип алдын алуу жана аларды кантип дарылоо керектиги тууралуу акысыз консультация жүргүзүшүп, жана ошондой эле тери оорулары менен кайрылган пациенттерди кабыл алышты. “Тери – адамдын органдарынын ичинен эң негизгиси десек жаңылбайбыз. Анткени бул орган адамдын органдарынын ичинен жалгыз кана сырткы факторлор менен контактта болгон орган. Таза тери – адамдын ден соолугунун чың экендигин тастыктоочу “лакмус кагазы” десек болот. Азыркы убакта тери ооруларынын симптомдорун айыктыруучу бир топ, заманбап препараттар бар.
“SANTO – региондогу жогорку сапаттагы дарыларды ойлоп табуучу, чыгаруучу жана кардарларды жеткиликтүү дарылар менен камсыз кылуучу компания. “Таза тери күнү” аттуу социалдык долбоору боюнча дерматолог-врачтардан алынган консультациялар тери оорусу менен ооругандардын көйгөйлөрүн чечкенге чоң жардам берет жана SANTO нун портфелинен оорусуна пайдалуу нерсени табат”, — дейт Азис Турдиев – компаниянын экспорт жана өсүп-өнүгүү бизнеси боюнча директору. Компания 8 өлкөгө экспорт жүргүзөт – Россия, Украина, Беларуссия, Кыргызстан, Монголия, Өзбекстан, Тажикистан, Түркмөнистан — деп айтылат SANTO компаниясынын пресс-релизинде. Бул социалдык долбоорго Жайыл районунун айылдарынын жана Кара-Балта шаарынын тургундары катышышты. Тургундар компаниянын дерматолог – врачтарынан акысыз консультация алышты жана акысыз көрүнүштү.Долбоордун катышуучулары уюштуруучуларга жана кабыл алган дерматолог-врачтарга өз ыраазычылыктарын билдиришти. Ошентип, SANTO компаниясы жана “Лавка жизни” тарабынан уюштурулган “Таза тери күнү” аттуу социалдык долбоору Жайыл районунун Кара-Балта шаарында болуп өттү. Компаниянын врачтары жана аптеканын кызматкерлери шаардын жана райондун тургундарына, долбоордун негизинде, бир топ акысыз жардам көрсөтүштү.

Даярдаган: Данияр кызы Элиза, Бексултанова Айгерим

Биринчи комуз күнү белгиленди(сүрөт — видеобаян)

Бүгүн мекенибизде биринчи Комуз күнү белгиленди. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде «Ак кептер» ЖМБ ыктыярчылары жана мектептин мугалимдери тарабынан даярдалган комуз тууралуу иш чара өткөрүлдү.

Өкмөт тарабынан 9-сентябрь-Комуз күнү деп жарыяланып, Президентибиз бул жарлыкка кол койду.

Волонтерлор даярдаган тасма
ЖМБ нын волонтеру Данияр кызы Назик иш учурунда


Ыктыячылар даярдаган видео

Даярдаган: Данияр кызы Элиза, Данияр кызы Назик

КР ЖК депутаты тапшырмасын текшергени келди(сүрөт-баян)

КР ЖК депутаты Субанбеков Бакирдин Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургундарына «жолуңардын калган жерин асфальттатып берем» деди эле. 04.09.2019-жылы ДЭП-40 тын жумушчулары келип, калган 160 метр жолду асфальттап кетишти.Айылда 1160 метр жол асфальттандыДепутат өзү келип, эл менен жолугуштуДепутат жана Айыл өкмөтүнүн төрайымы жолду текшерүү учурундаРайондук газетанын корреспонденти жана «Ак кептер» ЖМБ ун жетекчиси депутат мененЖол текшерилүүдөМектеп директоруна 2 компьютердин сертификатын тапшыруу.Мектеп директору-Насыранбекова Маруфат, Субанбеков Бакирдин жана Заврайоно-Арыков ТалантбекАйыл башчы Алиев Төрөбек мененАйылдын молдосунун батасын алып, КР ЖК депутаты Субанбеков Бакирдин иш сапарын улады

Даярдаган: Данияр кызы Назик

Депутат элге берген убадасын аткарды

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

Айыл жаштарынын иши (аудиорепортаж)

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын жаштарына Айыл өкмөт тарабынан 5га жер бөлүнүп берилген. Мына ушул жерди жаштар иштетишип, айылдын керегине жаратып жатышат. Быйыл беденин уругунан да жакшы түшүм алышты.

      Jashtar. Bede uruk

Даярдаган: Мамбетова Элина