Жылдыз кочосунун койгойу-таза суу.

Кутмандуу  кунунуздор менен  урматтуу окурмандар! Эфирде  Ак кептер  медиа  борбору.
Студияда Перизат Туратбекова.
Бул  чыгарылышта биз сиздерге айылдагы Жылдыз  кочосундогу  таза суу  койгойу  жонундо  айтып бермекчибиз.
Жылдыз  кочосундогу таза суу  койгойу тууралу маалыматты  ошол кочонун  тургундарынан  алсак .
Колонкабызда суу жок, болгону бир кудук бар. Аны дагы талашып жон суу алышпайт. Ал аз келгенсип, Жылдызда 10 чакты насос бар, осумдуктордун баары куурап  калды! Суунун толому жуз сом, 50 сом кылып койсо жакшы болмок.

image

Жылдыз кочонун трубаларынын баары чиирип калган, болгону эки жерден суу агат, бут баары ошол эки кудукту андып турушат эртеден кечке.  Айыл окмоту, депутаттар ошого баш коз болуп бир карап,ондоп койсо жакшы болмок.

image

Жылдыз кочосундо суу жок, жайында  таптакыр суу жок калабыз , баардык жерде насос коп колдонуп, суу чыкпайт бизге. Ошол Айыл окмоту бир чара колдонсо.
Азыр 6-номердеги насос турат экен, ал насостун басымы  бут айылга жетпейт экен, жаны насос алыш  учун 80-90 миндей акча  кетет экен. Айылдын старостасы акча чогултпаса, башка эч ким чогулта албайт болуш керек.

image

Жогоруда  сиздер  уккандай  Кара-Суу   айылындагы  жылдыз  кочосунун  таза суу  койгойу коптон   бери  чечилбей  келе жатат.Анткени суу  соруп  чыгаруучу  насостун  кубаттуулугу  6 эле  киловат  экен.

image

Ошондуктан  суунун  басымы  аз  болуп, ойдо  жактагы жайгашкан уйлордон  суу чыкпай калып жатат, анысы аз келгенсип  копчулук  тургундар  насос коюп  алышкан. Айыл окмотунун жана тургундардын кучу менен бул койгой чечилет деп ишенебиз.
Даярдаган :Перизат  Туратбекова . 12-май, 2015 жыл.
Клооптун  журналистика  мектебине  катышуу  учун сынакка.

Кара-Суу айылынын эн кооз жайынын бири мечит.

Кутмандуу  кунунуздор менен  урматтуу окурмандар! Эфирде  Ак кептер  медиа  борбору. Сиздер менен Эркеайым Азаркулова. Бугун биз сиздерге айылыбыздын эн кооз жайларынын бири мечит жонундо айтып берели.Кененирээк маалыматты  айылыбыздын имамы Алиев Жолдош молдокеден алсак.

image

-Бул жер убагында аталарыбыз, агаларыбыз  окуган мектеп болгон, эки мектептен билим алып осконбуз, ошол мектептин участогу мечитке берилип, учурда эн кооз мечит болуп турат. Айылыбыздын сыймыгы десек да жанылбайбыз. Кооздугуна Алла ыраазы болсун!

image

Жогоруда сиздер уккандай мектеп менен айылда дагы бир коомдук жай пайда болду. Мечит тууралуу созду айылдын тургундарына берсек .
-Мечит тургуздук,абдан жакшы болду. Элдин,жаштардын кучу менен тургузулду. Ушул элге ,жаштарга чон рахмат !

image

Ушинтип биздин кичинекей айыл кооздука айланды. Биздин айыл болобу ,башка айылда болобу ушундай биримдикте, ынтымакта бололу.
-Биздин айылдын эн кооз жерлеринин бири мечит ал айылдын ортосунда жайгашкан. Айылдын молдокелери мечиттин ичин да ,сыртын да абдан таза кармашат. Сырттан келген конокторубуз биздин мечитке абдан суктанышат. Биздин айылыбыз кооз жана жакшы жерде жайгашкан. Элдери да жакшы,ынтымактуу.

image

Ооба, азыркы убакытта биздин мечит эн кооз жана корунуктуу  жайлардын бири.Мечитке келип мусульман  инсандар алла-таалага сыйынышат. Ак кептер медиа борборунун атынан мечиттин кызматкерлерине чын ден-соолук, иштерине чон-чон ийгиликтерди каалайбыз. Корушкончо сак саламатта калыныздар кунунуздор конулдуу улансын.
Даярдаган:Эркеайым Азаркулова 12.05.15 Ак кептер медиа борбору клоптун журналистика мектебинде катышуу учун сынакка.

Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Чакчагаев Курманалы.

Кутмандуу  кунунуздор менен урматтуу окурмандар ! Сиздер менен Бакбубу Урманбетова .Уулу  жениш кунунун  70 айылдык мааракесине карата айылыбыздын фронтовиктери тууралу  репортаждарды баштайбыз.
Бугун биз сиздерге Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Чакчагаев Курманалы  тууралу айтып бермекчибиз.

image

Кененирээк  маалыматты  баласы  Чакчагаев Султаналыдан алсак : Менин атам Чакчагаев Курманалы  1906-жылы Кара-Суу айылында туулган.Ал киши 1939 -жылы озунун  эмгек жолун

image

Калинин сельпосунда дукончу  болуп иштегенден баштаптыр. Дукончу болуп Калинин Суусамыр жолунда  жана ошондой  эле БЧК  каналында  дукончу  болуп  иштеген экен,

image

дал ошол  БЧК  каналын куруп  жатканда согуш башталган  экен.
БЧК каналы 1941-жылы июль айында  курулуп  бутуп, ал кишини согушка даярдаганы алып кетиптир.Согушка даярдап,1942-жылы

image

коп Кыргызстандыктар менен Сталинград  салгулашусуна тушуптур. Баарынар билгендей  бул  Сталинград салгылашуусу дуйнодогу эн чон салгылашуу болгон экен. Ошол Сталинград салгылашуусунда жарадар болуп,госпиталга жатып калган экен. Менин атам менен бирге биздин

image

айылдын тургуну Алиев Иса болгон. Ал экоо бир окопто жатып, фашисттер  менен салгылашкан экен. Согуштан жарадар болуп келгенден кийин, учунчу группадагы инвалид болуп,кайта эле дукончу болуп иштеп, 1966-жылы дуйно салган экен, катуу оорудан кийин.

Мына сиздер улуу Ата-Мекендик согушка катышып келген айылыбыздын эр журок тургуну Чакчагаев Курманалы жонундо маек окудунуздар. Ардагер чон атабыздын балдарына, наберелерине  чын ден соолук узун омур каалайбыз!  Чон атасынын жолун жолдоп Мекенин коргогонго дайым даяр болушсун! Саламатта калыныздар!!
Даярдагандар: Бакбубу Урманбетова, Перизат Туратбекова.
03.05.15

Кара-Суу айылынын чыгаан инсандарынын бири — мугалим,агартуучу,фронтовик Жакыпов Сыргак.

Бул айылыбыздын чыгаан инсаны тууралу айылдын аксакалы Дуйшенкулов Канысбек карыя айтып берди. Жакыпов Сыргактын ысымы

image

мектептин алдындагы согуштун ардагерлерине арналган эстеликте жазылган. Канысбек карыянын айтуусу боюнча Сыргак Жакыпов ошол кездеги кыргыздын билимдуу илимдуу атуулдарынын бири болгон экен. Арабча,латынча жана кирилица алфавиттеринин баарын толук оздоштургон,билген жана Кара-Суу айылына биринчи мугалим болгон адам экен. Жалан гана Кара-Суу айылында мектеп ачпастан ойдонку Айдарбек,Орто Суу, Малтабар айылдарында да 1930-жылдары мектептерди ачып балдарды окуткан экен. Айылдан жакшы окуган эки баланы мугалимдик курска окутуп,мугалимдик кесипке ээ кылган экен. Алар Озгондо иштеп жатканда алаамат согуш башталган. Анын эки окуучусу Молдраимов Айтаалы жана Абдыкеримов Мусураалы агайы  сыяктуу согушка кетип,кайтпай калышкан.
Бул чыгаан инсандардын ысымдары эстеликке туболук чегилген. Сыргак Жакыпов-айылдын биринчи мугалими. Биз ал киши менен сыймыктанабыз.

Даярдаган: Медина Сатыбекова. Ак кептер медиаборбору. 7-май 2015-жыл. Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка.

Кара-Суу айылынын чыгаан инсандарынын бири-Молдобеков Эсенбек.

Кара-Суу айылынын чыгаан инсандарынын бири Молдобеков Эсенбек.

image

                                                                                                       Суротто Молдобеков Эсенбек он жактан бешинчи.
Коп жылдан бери бул киши айылыбыздын атын чыгарып эмгектенип келе жатат. Молдобкев Эсенбек 1955-жылы Кара-Суу айылында торолгон. Жаш чагынан эле мал бакканга кызыгып, айыл чарбасында эмгектенип келе жатат. Фермер. Айылдын барктуу адамдарынын бири. Далай ирет Кара-Суу Айылдык Кенешине депутат болуп шайланган жаран. Он жылдан бери таза кандуу жылкыларды багып келе жатам дейт. Аттарды карап, суутканга эки тренер балам бар дейт.

image

                                                                                                      Суротто Горбачев Антон Нооруз майрамыннда.
Мына ошол балдар аттарды ат  чабыштарга даярдап  турушат жана багышат.Жакында эле Нооруз майрамында болгон ат чабышта байгелуу 1- жана 3-оорунга ээ болдук.

image

                                                                                                                                  Эсенбек Молдобеков.
Жыл сайын республикабыздын ар кайсы аймактарында болгон ат оюндарына катышып турабыз. Бир топ байгелердин ээси болуп калдык. Мисалы былтыр Исык-Колдо Тондо болгон ат оюндарына катышып,байгеге ээ болдук.

image

Ош тараптан 1-оорунду уттук.Таластан, Токтогулдан, Суусамырдан далай оюндардын байгелеринин ээси болдук. Казак туугандарга да барып,ат чаап турабыз. Эти балам бар алар да аттарга кызыгышат,дайыма мени менен бирге болушуп,ат багууну уйронуп жатышат. Балдар менин келечегим.
Молдобеков Эсенбек агабызга чын ден соолук,ийгиликтерди каалайбыз.

Даярдаган: Азаркулова Элина. Ак кептер медиаборбору. Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка. 24.04.2015.

Мектептин айланасы-айылдын кооз жеринин бири.

Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин тегереги Кара-Суу айылынын эн кооз жерлеринин бири.

image

Мектеп 1981-жылы ишке киргизилген. Биздин мектеп райондогу эн кооз мектептердин бири. Анткени анын тегерегин бак дарактар жана гулзарлар курчап турат. 2013-жылы мектебибиз райондун мектептеринин арасындагы сынакта 1-оорунду ээлеп 5 мин сомдук сыйлыкка ээ болгон.Окуучулар, мугалимдер мектептин айланасын ар кандай бак дарактар жана гулзарлар менен курчап, зор эмгек аткарышты.

image

Окуучулар мектептин айланасында эс алганды, ойногонду жакшы корушот. Мектептин спорт аянтчасы да айыл тургундарынын, окуучулардын суйуктуу жери.

image

ъ

Бак дарактар абдан коп, кечкисин мектепти айланып эс алганды, ойногонду айылдын тургундары абдан жактырышат. Быйыл дагы мектептин окуучулары, мугалимдери жана кызматкерлери окуу жайдын айланасын жашылдандырып, биз топ кочотторду отургузушту.

image

Биздин мектеп айылдын коркун  ачкан жайларынын бири. Ошондуктан тургундар, мугалимдер, окуучулар мектепке ото коп конул бурушат, баркташат жана сыймыктанышат.

image

Айылыбызда башка чон имарат жок, ошондуктан айылдын баардык иш чаралары мектепте отот. Мисалы: Нооруз майрамы, Балаты майрамы, Ыр кесе.
Ак кептер мультимедиаборборунун атынан мектептин мугалимдерине, окуучуларына зор ийгиликтерди каалайбыз. Мектебибиз осуп, оркундой берсин.
Даярдаган: Медина Сатыбекова. 24.04.2015.
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка.

Таштанды жай

Айылыбыздын койгойлорунун бири бул  таштандыларды бир  жерге таштоо.Айылыбыздын атайын  таштанды  таштоочу  жайы  белгиленген эмес ошондуктанбы,айтор айылыбыздын тургундары таштандыларды ар кайсы жерге таштай  беришет. Тургундардын айтуусу боюнча ойдо жактагы жашоочулар таштандыларын жаны уй жактагы чункурга ташташат экен.

image

Ал чункурда баклажка,ботолко,кагаз,музоо,кой айтор ар кандай таштандылар коп.Андан ылдыйраак клубтун арты дагы таштанды таштоочу жайга айланган.

image

Ал жерде да мышыктын,иттин,музоонун олуктору жатат.Ал эми айылдын кашарга бара жаткан жолунун эки жагы тен таштанды таштоочу жайга айланган.Андан кийинки таштанды таштоочу жай айылдын ылдый жагынан кирип келе жаткан жолдун жээктери.

image

Ал жак дагы таштандыга толуп кеткен.Мына ошентип, кичинекей эле айылыбызда торт таштанды таштоочу жай бар экен.Ал жактан жаман жыттар чыгып айылдын тургундарынын ден соолугуна зыян келтирип жатат.

image

Ага карабастан таштандыларды дагы эле таштап жатабыз.Жакында айылыбызда чогулуш  болуп, жаны староста шайланды.Алиев Торобектин айтуусу боюнча, эми атайын таштанды таштоочу жай болот деди.

image

Ал оз созундо таштандыларды атайын белгиленген жерге таштоону чакырып,айылдын санитардык- гигиеналык абалын жакшыртууга чакырды.         
Даярдаган:Элина Азаркулова.21-апрель 2015-жыл Ак Кептер медиа борбору.
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка.

Кара-Балта суу сактагычы — айылыбыздын озгочо жана эн кооз жерлеринин бири.

Кара-Суу айылы Чуй облусунун Жайыл районунун борбору Кара-Балта шаарынан ылдый 30 километр жерде жайгашкан айыл.
Кара-Суу айыл аймагында  озгочо жана кооз жерлер коп эмес, бирок бар десек жанылбайбыз. Анткени айылдан ойдо 3 километр аралыкта Кара-Балта суу сактагычы

image

жайгашкан. Суу сактагыч айылыбыздын тургуну Жумалиев Сапардын айтуусу боюнча 1964-жылы курулуп буткон экен. Тегереги бак дарактар менен курчалган кооз жер. Суусу менен Кара-Суу айылынын жерлери сугарылат.

image

Ал эми айыл тургундары учун эс алуучу жай. Жаштар келип  сууга тушушот, сузгонду уйронушот. Жалан гана жергиликтуу калк эс албастан Кара-Балтадан да келишип, эс алышат, балык кармашат.

image

Ал эми айылдын ылдый жагында болсо «Мелиорация» деп атап койгон суу сактагыч бар, атайын Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатынын жумушчулары учун ал жерде эс алуучу уйлор тургузулган болчу. Жумушчулар келип эс алышчы эле.

image

Бирок азыр ал уйлор жок. Жок болсо да тегереги бак дарактар менен курчалган ажайып кооз, Кара-Суулуктар ал жакка да барып эс алып турушат. Озгочо жайында жаштар барып эс алат. Айылдын тургундары учун бул эки суу сактагыч озунчо бир озгочо жай да десек жанылбайбыз.

image

Анткени айылдын тургундарынын баардыгынын жаштыгы ушу эки суу сактагыч менен кандайдыр бир байланышы бар.
Кара-Суулуктар Кара-Балта жана Мелиорация суу сактагычтары менен сыймыктанышат, мактанышат. Биздин колубуз деп аташат.

Даярдаган: Азаркулова Элина.
                          18.04.2015-жыл. Ак кептер мультимедиа борбору.Клооптун журналистика мектебине сынакка катышуу учун.

Эгинди тепсеп, тебелоо.

3-апрелде Кара-Суу айылында Кара-Суу айыл окмотунун башчысы Дженбаева Насипа Элибаевна, Кара-Суу айылдык Кенешинин депутаттары Кумбашев Ишенбек, Дооронбаев Нурбек жана айылдын тургундарынын катышуусунда чогулуш болуп отту. Чогулушта айыл тургундарынын малдары себилген эгинди, бедени тепсеп, тебелеп салуу маселеси каралды.

image

Бул жыйында себилген жерди тепсеп, тебелеген  малдын ээлерине кандай чара коруу тууралуу кеп болду. Депутаттардын айтымында алардын штраф боюнча чыгарган чечимин райондун прокуратурасы туура эмес деп таап, чечимди законсуз деп жаратбай таштаган. Ал чечим боюнча бодого 500 сом, койго 70 сом штраф экен. Бирок депутаттардын мына ушундай чыгарган чечими законго туура келбейт экен.

image

Себилген жерге кирген мал ээлерине штрафты айыл тургундарыны озулору чогулуш жасап, кандай чара коруу керектигин тактап, чечим чыгарышса гана ошондо мыйзам ченемдуу болот экен. Бул чогулушта айыл тургундары эч кандай чечим чыгарышкан жок. Бири бири менен талашып тартышып, башка маселеге отуп кетишти.

image

Ошентип, себилген жерди тепсеп, тебелеген, жеген мал учун ээлерине кандай чара коруу керектиги дагы чечилбей калды. Бул маселе боюнча тургундар кайра дагы чогулуш откоро турган болушту окшойт.
Себилген жерге гана эмес айылда мал осуп калган бедеге, арпа, буудайга киришип, дыйкандарга чон зыян келтиришет. Тургундар мына ушул маселеге конул буруп, катуу чечим кабыл алып коюшса жакшы болоор эле.

Даярдаган: Азаркулова Элина. Сабо кызы Айдана. 07.04.2015.

ЮНИСЕФтин Кара-Суу орто мектебиндеги долбоору.

Бул чыгарылышта биз сиздерге Кыргыз Республикасынын коомчулукту онуктуруу жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) откоруп жаткан  ЮНИСЕФ тин «Мектептин санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу» долбоору тууралуу кеп  кылмакчыбыз.

image

                                                                           
Республика боюнча 90мектептен 50су тандаалып алынса, анын ичинде биздин мектеп да бар.

image

Долбоор февраль айынан бери иштеп келе жатат. Эти мугалим Бишкеке барып, семинар тренингге катышып келишти. Алар-Каралаева М. жана Азаркулова К. Анда кийин долбоордун окулдору айылдын тургундары менен жолугушуу откорушуп, мите курттар тууралуу фильм тартуулашты. Мите курттар кишинин организминде кантип пайда боло тургандыгы тууралуу маек курушту. Айылдын тургундарын ЮНИСЕФ тин долбооруна активдуу катышып беруусун суранышты.

image

Баардыгыныздарды ЮНИСЕФтин долбооруна активдуу катышып,айылыбыздын осуп-онугушуно оз салымыныздарды кошууну суранабыз!

Даярдагандар: Азаркулова Эркайым. Сатыбекова Медина.
07.04.15